Ысык-Көлдө «Дүйнөлүк көчмөндөр модасы» фестивалы өтөт

 Ысык-Көлдө «Дүйнөлүк көчмөндөр модасы» фестивалы өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 21-22-23-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо маданий борборунда «Дүйнөлүк көчмөндөр модасы» фестивалынын үчүнчү сезону өткөрүлөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, фестивалга 20 мамлекеттен атактуу дизайнерлер, кол өнөрчүлөр жана мода индустриясынын адистери келишет.

Иш-чаранын программасы:

21-июлда саат 17:00дө фестивалдын ачылышы, костюмдар парады, Ата мекендик жана эл аралык дизайнерлердин мода көргөзмөсү жана салтанаттуу ачылыш аземи;

22-июлда саат 10:00дө кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси; саат 12:00дө музей бөлүмү; сат 15:30да «ЭДЕГЕЙ» театрынын мода шоу-көргөзмөсү.

23-июлда саат 10:00дө жарманке; саат 12:00дө маалымат жыйын жана саат 15:30да фестивалдын жабылуу аземи өтөт.

Связанный пост