«Жаш өспүрүм жана Жай» аттуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

 «Жаш өспүрүм жана Жай» аттуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аламудун райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери тарабынан «Жаш өспүрүм жана Жай» аттуу алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Чүй облусунун ички иштер органдарынын милиция кызматкерлери тарабынан жай мезгили учурунда сууга түшүү коопсуздугун сактоо максатында ар кандай алдын алуу иш-чараларды жүргүзүп келет.
Июль айынын 14 жана 15 күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан уюштурулган «Жаш өспүрүм жана Жай» аттуу алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бул иш-чарага райондун жаш балдар боюнча атайын кызматкери жана райондун өзгөчө кырдаал боюнча кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда өттү.
Алдын алуу иш-чаранын алкагында сууга түшүп жаткан жарандарга, жаш балдарга сууга түшүү учурундагы кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен кооптуу делген жерлерден алыс болууга чакырышты.
Райондун 17 айыл өкмөтүнө кат жөнөтөлүп, сууга түшүүгө коопту болгон жерлерге сууга түшүүгө тыюу боюнча такталарды орнотуууну жана жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунуштады. Ошондой эле суу көлмөлөрдө жарандарга, коопсуздук эрежелерин сактоо
боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүп, эгерде кандайдыр бир күтүлбөгөн окуялар боло турган болсо тезинен куткаруу кызматына жана милиция кызматына кабарлоо боюнча нускамалар да өткөрүлдү.

Связанный пост