Кыргызстандын Италиядагы элчиси Казерта шаарына иш сапары менен барды

 Кыргызстандын Италиядагы элчиси Казерта шаарына иш сапары менен барды

2022-жылдын 15-июлунда Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Т.Базарбаев аймактар аралык мамилелерди өнүктүрүү максатында Кампания регионунун Казерта шаарына иш сапары менен барып, Касерта шаарынын мэри К.Марино менен жолугушту.

Кыргызстандын Элчиси К.Мариного Кыргызстандын шаарларынын бири менен өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда түз байланыштарды түзүү үчүн Достук жана кызматташтык жөнүндө келишим түзүүнү сунуштады.

Өз кезегинде мэр К.Марино Казерта муниципалитети тарабынан мындай макулдашууну түзүү маселесин карап чыгууга жана ага быйыл Кыргызстанга келиши мүмкүн болгон иш сапары учурунда кол коюуга даяр экендигин билдирди.

Элчи Т.Базарбаев ошондой эле Казерта провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти Т.Де Симоне менен жолугушту. Берилген артыкчылыктуу долбоорлорду изилдөө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында италиялык ишкерлердин Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу жана Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Касерта провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу боюнча макулдашууга жетишилди.

Жумуш иш-сапар Казерта провинциясынын Миграция кызматынын Башчысы Д.Делла Чиоппа менен жолугушуу менен аяктады, анын жүрүшүндө кыргыз диаспорасынын келип-кетишинин, ошондой эле алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун актуалдуу маселелери талкууланды. Болгон маалыматка ылайык бул провинцияда бир нече миң кыргызстандыктар эмгектенет.

Связанный пост