Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өлкө лидерлери эки тараптуу, көп тараптуу жана соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Садыр Жапаров түркмөн кесиптешинин келишин кубаттап, үстүбүздөгү жылы өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатканын жана бул аралыкта мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын жогорку […]Читать далее
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 2022-жылдын 20-21-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол […]Читать далее
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 2022-жылдын 20-21-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. «Тамчы» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, […]Читать далее
Чолпон-Атада Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын президенттери театрлаштырылган оюн көрүштү
Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын президенттери Садыр Жапаров, Шавкат Мирзиёев жана Касым-Жомарт Токаев бейформал сый тамактын соңунда Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун алкагында театрлаштырылган оюн көрүштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, “Nomad” этно-комплексинин амфитеатрында сыйлуу конокторго “Манас” эпосу, көчмөндөрдүн жашоосу, каада-салты, ата-бабаларынын мурастары тууралуу баяндаган “Улуу Мурас” театралдаштырылган оюн-зоогу көрсөтүлдү. […]Читать далее
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2022-жылдын 20-21-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга учуп келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. «Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров чакан гидроэлектростанцияларын долбоорлоо маселеси боюнча «A-Hid» венгриялык компаниясынын аткаруучу директору Ласло Салом менен жолугушту. «Чакан ГЭСтерди өнүктүрүү жана куруу – Министрлер Кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири. Биз долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууда шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берген гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз», […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Анын ичинен 1270 адамды (анын ичинен 1032си чоңдор, 238и балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө үч Жарлык бар, алардын көбүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзөт. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Президенттин […]Читать далее
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылдын 20-21-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 20 жана 21-июль күндөрү Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү Консультативдик жолугушуусу өтөт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, аталган иш-чараны өткөрүү учурунда Тамчы айылындагы “Ысык-Көл” аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки каттамдарга убактылуу чектөөлөр киргизилет. Унааларга 21-июль күнү саат 9:00дөн 10:00гө чейин толук чектөөлөр киргизилет. Жол делегациянын өтүү маалында гана жабылып, жол […]Читать далее
Бишкек мэриясы шаар аймагында COVID-19га каршы вакцина алуу үчүн 62 эмдөө пункту иштеп жаткандыгын эскертет. Муниципалитеттен белгилешкендей, бүгүнкү күндө каалоочулар аталган бардык убактылуу эмдөө пункттарында SinoPfarm вакцинасы менен эмделе алышат: 1. №4 ҮМБ (Ибраимов көч., 181); 2. №4 ҮМБ(Токтогул көч. 62 филиалы); 3. №2 ҮМБ №35 ҮДТ (Чоң-Арык айылы, Семетей көч., 152); 4. Темир жол […]Читать далее