Ысык-Ата районунун аймагында уурулукка шектелгендер кармалды

 Ысык-Ата районунун аймагында уурулукка шектелгендер кармалды

Ысык-Ата районунун аймагында уурулукка шектелгендер кармалды.
Ыкчам-издөө аракеттердин жыйынтыгында Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана Аламүдүн районунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан Ысык-Ата районунун аймагында бир катар уурулук жасаган эки шектүү кармалды.
Тактап айтканда, Ысык-Ата районунун Ички иштер органдарына жергиликтүү тургундар белгисиз адамдарга карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылышкан.

Алар ушул жылдын март айынан бери арыз ээлеринин үйлөрүнө кирип акча каражаттарын, алтын буюмдарын, автоунаанын дөңгөлөктөрүн, дисктерин жана койлорун жашыруун уурдап кетишкендигин билдирген.
Бул фактылар Кыргыз Республикасыны Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кабыл алынган иш-чаралардын жүрүшүндө 1975-жылы туулган Р.Р. жана 2002-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандар кармалып, Ысык-Ата ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда Аламүдүн районунун аймагында кармалган адамдардын дагы ушундай 5 кылмышка катышы бар экендиги аныкталды.

Ыкчам кызматкерлер тарабынан шектүүлөр көпчүлүк учурда үйдүн ээлери жок
болгон учурларда күндүзү жана түнкүсүн уурулук жасагандыгы аныкталды.
Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Связанный пост