Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү

 Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Россиянын өкмөтүнүн сайтында жазылгандай, өкмөт башчылар кыргыз-орус кызматташтыгынын соода-экономикалык тармагынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүдө негизги көңүл Россия менен Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктеги өз ара аракеттенүүсүнө жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын августунда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү кезектеги жыйынын даярдоого бурулду.

Связанный пост