Чолпон-Атада Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт

 Чолпон-Атада Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт

2022-жылы 20-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы астында Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт.

Иш-чарага Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин, Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов жана Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норовдун катышуусу пландалууда.

Жыйындын жүрүшүндө тышкы саясат ведомстволурунун жетекчилери 2022-жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү Консультативдик жолугушуусуна даярдык көрүү иштеринин жүрүшүн талкуулашат, ошондой эле саммиттин күн тартибин жана жыйынтыктоочу документтеринин долбоорлорун карашат.

Связанный пост