Иорданиянын Хашимит Королдугунун Королу Абдулла II Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. «Орозо Айт майрамына карата Иордания Хашимит Королдугунун элинин жана өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге чын жүрөктөн куттуктообузду билдиребиз. Боордош элиңизге мындан аркы прогресс жана гүлдөп өнүгүү жана менин жеке жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз», – деп […]Читать далее
Бахрейндин Королу Хамад бин Иса Аль-Халифа Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. «Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Бул күнү Сизге жана Кыргызстандын элине бакубатчылык, чың ден соолук жана бакыт каалайм”, – деп айтылат Хамад бин Иса Аль-Халифанын куттуктоосунда.Читать далее
Иран Ислам Республикасынын Президенти Сейед Эбрахим Раиси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. «Орозо айт – адамзатты өз маңызына кайтарган майрам, Кудайдын алдындагы парздарын так аткарып, анын ырайымдуу сыйлыгын күткөн орозо кармаган пенделери үчүн кубаныч заманы. Ислам үммөтүнүн ичиндеги биримдикти жана ынтымакты чыңдоо, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана […]Читать далее
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. «Сизге жана дос Кыргызстан элине чын дилимден Орозо айт майрамына карата куттуктоолорубузду жана эң жакшы каалоолорубузду билдирем. Бул куттуу майрамдын туруктуу салттарына жана тараптардын биргелешкен жаратмандык аракеттерине негизделген биздин мамлекеттердин ортосундагы достук мамилелер жана көп кырдуу өз […]Читать далее
Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. «Ислам дүйнөсүнүн куттуу майрамына карата Орозо айт майрамы менен Сизди жана боордош Кыргызстан элин өзүмдүн жана Азербайжан элинин атынан чын дилимден куттуктап, кармаган орозоңуз, дубаларыңыз жана жакшы ниеттериңизди Жараткан кабыл кылышын каалайм. Жалпы тарыхый-маданий тамырлары, элдерибиздин бир […]Читать далее
Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин
Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. «Ыйык Орозо айт майрамга карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз. Исламдын бийик руханий баалуулуктарына таянган боорукердиктин, асылдыктын жана кайрымдуулуктун үстөмдүгүн символдоштурган бул жаркын майрам бүткүл мусулман коомчулугунда өз ара түшүнүшүүнү, тилектештикти жана тынчтыкты чыңдоого […]Читать далее
Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. «Улуу Урматтуу Сизди, бардык туугандарыңызды жана боордош кыргыз элин бүткүл ислам дүйнөсүндө салтанаттуу жана чоң кубаныч менен белгиленип жаткан ыйык Рамазан айы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Соңку жылдары чыңдалып келе жаткан жалпы маданий жана руханий баалуулуктар менен […]Читать далее
Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин Орозо айт майрамына карата куттуктоосу: “Урматтуу кыргызстандыктар! Ардактуу мусулман бир туугандар! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Орозо тутуу – мусулмандар үчүн он эки айда бир келген ыйык парздардын бири. Бул айдагы негизги максат тамактануудан гана баш тартуу […]Читать далее
Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. «Адамдын руханий жактан тазаланып, физикалык жактан жакшырган айтылуу майрамда элдерибиздин ортосундагы жакындык жана боордоштук эселеп арта берсин. Урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизге чың ден соолук жана күч-кубат, баштаган иштериңизге ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакыт жана гүлдөп-өнүгүү каалайм. […]Читать далее
Ош шаарында Орозо айт намазын окууга 11 миңден ашуун адам чогулду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Айт намазга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, дин өкүлдөрү, аксакалдар Ош шаарынын тургундары жана коноктору катышты. Калаа башчы Бакытбек Жетигенов […]Читать далее