Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

 Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Ыйык Орозо айт майрамга карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз. Исламдын бийик руханий баалуулуктарына таянган боорукердиктин, асылдыктын жана кайрымдуулуктун үстөмдүгүн символдоштурган бул жаркын майрам бүткүл мусулман коомчулугунда өз ара түшүнүшүүнү, тилектештикти жана тынчтыкты чыңдоого жардам берет деп терең ишенем», – деп Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосунда айтылат.

Түркмөнстандын Президенти Президент Садыр Жапаровго ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине гүлдөп-өнүгүү каалады.

Связанный пост