Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

 Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Сизге жана дос Кыргызстан элине чын дилимден Орозо айт майрамына карата куттуктоолорубузду жана эң жакшы каалоолорубузду билдирем.

  1. Бул куттуу майрамдын туруктуу салттарына жана тараптардын биргелешкен жаратмандык аракеттерине негизделген биздин мамлекеттердин ортосундагы достук мамилелер жана көп кырдуу өз ара пайдалуу кызматташтык мындан ары да элдерибиздин түпкү таламдарына ылайык кеңейип, сапаттуу жана маңыздуу жаңы деңгээлге чыгаарына ишенем», – деп айтылат куттуктоодо.

Тажикстандын Президенти Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, стабилдүүлүк, туруктуу прогресс жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Связанный пост