Ирандын Президенти Сейед Эбрахим Раиси Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

 Ирандын Президенти Сейед Эбрахим Раиси Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын Президенти Сейед Эбрахим Раиси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Орозо айт – адамзатты өз маңызына кайтарган майрам, Кудайдын алдындагы парздарын так аткарып, анын ырайымдуу сыйлыгын күткөн орозо кармаган пенделери үчүн кубаныч заманы.

Ислам үммөтүнүн ичиндеги биримдикти жана ынтымакты чыңдоо, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана арттыруу үчүн күч-аракетибизди жумшайбыз деп ишенем», – деп айтылат куттуктоодо.

Сейед Эбрахим Раиси Садыр Жапаровго чың ден соолук, ишинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Связанный пост