Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

 Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Ислам дүйнөсүнүн куттуу майрамына карата Орозо айт майрамы менен Сизди жана боордош Кыргызстан элин өзүмдүн жана Азербайжан элинин атынан чын дилимден куттуктап, кармаган орозоңуз, дубаларыңыз жана жакшы ниеттериңизди Жараткан кабыл кылышын каалайм.

Жалпы тарыхый-маданий тамырлары, элдерибиздин бир туугандыгы сыяктуу бекем негиздерден куралган Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелердин азыркы жогорку деңгээли канааттандырат. Мамлекеттер аралык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана кызматташуубузду тереңдетүү багытында биргелешкен аракеттерибизди ийгиликтүү улантабыз деп ишенем», – деп айтылат куттуктоодо.

Связанный пост