Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

 Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Адамдын руханий жактан тазаланып, физикалык жактан жакшырган айтылуу майрамда элдерибиздин ортосундагы жакындык жана боордоштук эселеп арта берсин.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизге чың ден соолук жана күч-кубат, баштаган иштериңизге ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакыт жана гүлдөп-өнүгүү каалайм.

Жараткан Рамазандан Рамазанга чейин кылган жакшы ниеттерибизди жана иштерибизди кабыл кылсын! Орозо айтыңыздар маарек болсун!», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

 

Связанный пост