Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

 Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Улуу Урматтуу Сизди, бардык туугандарыңызды жана боордош кыргыз элин бүткүл ислам дүйнөсүндө салтанаттуу жана чоң кубаныч менен белгиленип жаткан ыйык Рамазан айы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Соңку жылдары чыңдалып келе жаткан жалпы маданий жана руханий баалуулуктар менен байланышкан биздин дос элдерибиздин ортосундагы тынчтыкты жана ынтымакты даңазалоого багытталган ынак коңшулук ыйык Рамазан айынын эң асыл маңызына туура келет.

Биздин чечкиндүү биргелешкен аракеттерибиздин натыйжасында бир тууган элдерибиздин ортосундагы достук байланыштар мындан ары да чыңдалып, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелер ырааттуу өнүгө берерине терең ишенем», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди, ал эми дос Кыргызстан элине тынчтык, прогресс жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Связанный пост