Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы Э. Гареев атындагы Ботаникалык багында өткөн ишембиликке катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы Э. Гареев атындагы Ботаникалык багында өткөн ишембиликке катышты.

МинКаб башчысы ошондой эле Ботаникалык бактын азыркы абалы менен таанышып чыкты жана аны реконструкциялоо боюнча пландарды укту.

Белгилей кетсек, ишембилик Президенттин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Связанный пост