Ленин районундагы КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө участкалык шайлоо комиссияларынын даярдыгы текшерилди

Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азиз Садырбеков участкалык шайлоо комиссияларынын иши менен таанышты.

Бишкек шаардык аймактык шайлоо жана Ленин районунун участкалык шайлоо комиссияларына 2023-жылдын 28-майында жетинчи чакырылыштагы № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүү максатында, № 1013, 1045, № 1053 шайлоо комиссиялары текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аппарат жетекчиси тарабынан №1045 жана 1053 участкалык шайлоо участкаларына тапшырмалар берилди.

Ошентип, «Бишкекжашылчарба» МИге бак-дарактарды бутоо, «Бишкекжарык» МИге  №1045 жана 1053-шайлоо участкаларында тышкы жана ички жарыктандырууну текшерүү тапшырмасы берилди.   Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти «Белек» маданий-көңүл ачуу борборунун имаратынын (№1053 УШК) ички жана сырткы эстетикалык көрүнүшүн ылайык келтириши керек.

Ошондой эле жарандардын ыңгайлуулугу үчүн №1013 шайлоо участогун башка жерге көчүрүү мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырмасы берилди.

Эске салсак,  “№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-мартындагы №70 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өткөрүлөт.

Связанный пост