Бишкек-145: Чүй проспектисинде унаа кыймылы токтотулат

 Бишкек-145: Чүй проспектисинде унаа кыймылы токтотулат

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 29-апрелде саат 16:00дөн 00:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы  үчүн жабылат.

Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтында майрамдык концерттин өтүшүнө байланыштуу унаа кыймылына чектөө киргизилет.

Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана каттамдары алдын ала пландаштырылышын суранат.

Связанный пост