Жогорку Кеңешитин Төрагасы Нурланбек Шакиев Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту.  Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Анкара шаарында уюштурулган Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги отурумдарынын алкагында өткөн жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады.

Алгач Төрага Нурланбек Шакиев Түркияда катталган зилзалага байланыштуу көңүл айтып, көп адамдын өлүмүнө алып келген табигый кырсык тууралуу кабарды кыргыз эли терең кайгыруу менен кабыл алганын кошумчалады.

Андан тышкары Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда калыптанган алакаларга жогору баасын берген Жогорку Кеңештин Төрагасы анын ичинен билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарындагы байланыштар жигердүү өнүгүп жатканын эске салды.

Ошондой эле соода-экономикалык кызматташтык тууралуу да сөз кылган Нурланбек Шакиев бул жаатта Кыргызстан менен Түркиянын өнөктөштүгү жогорку деңгээлде экенин белгиледи.

“Боордоштукка жана өз ара ишенимге негизделген кызматташтыкты өнүктүрүүдө парламенттик диалогдун да мааниси чоң. Андыктан, эки тараптуу жана эл аралык алкактагы парламенттер аралык мамилелерди кеңейтүү башкы максатыбыз. Айрыкча парламенттик комиссиялардын жана тармактык комитеттердин ортосундагы байланышты чыңдоо учур талабы”, – деп кошумчалады.

Ал эми Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп каргашалуу табигый кырсыктан кийин биринчи кол сунган мамлекеттердин катарында Кыргызстан турганын белгилеп, көрсөтүлгөн колдоолор, жөнөтүлгөн боз үйлөр үчүн ыраазычылык билдирди.

“Биз тарыхый байланышы терең, үрп-адаты, туткан дини орток элбиз. Ага ылайык, бабалардан калган баалуулуктарыбызды улантып, кызматташтыгыбызды жаңы деңгээлде өнүктүрүүгө кызыкдарбыз”, – деген Мустафа Шентоп саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу жаатындагы пикирлери менен бөлүштү.

Кошумчалай кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Осмонов, Улан Бакасов жана Чолпон Султанбекова катышты.

Связанный пост