Президент

Президент Садыр Жапаров Цзинань шаарында “Zhongtong bus holding Co., Ltd”

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-майда, Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Шаньдун провинциясынын Цзинань шаарында «Zhongtong bus Holding Co., LTD» автобус чыгаруучу заводуна барды. Буга чейин бул заводдон Бишкек шаары үчүн газ кыймылдаткычтуу 120 автобустун партиясы сатылып алынган. Алар борбордун жолдорунда сыноодон ийгиликтүү өткөндүктөн, бюджеттик каражаттардын эсебинен бул маркадагы автобустун дагы 1000 […]Читать далее

Укук тартиби

Жасалма чет элдик валютаны алып кирүүгө аракет кылган Түркиянын жарандары

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана акча каражаттарын мыйзамсыз алып өтүүгө каршы аракеттенүү линиясында кылмышкерлерди аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Кыргыз Республикасынын УКМКсы иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү жасалма чет элдик валюта банкнотторун ташуу боюнча туруктуу каналы аныкталды. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу жасалма акчаны мыйзамсыз […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапарынын алкагында Цзинань шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-майда, Цзинань шаарына келди (Кытай Эл Республикасы). Бул жакта Президенттин Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жыйынтыктоочу иш-чаралар, анын ичинде эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтөт.Читать далее

Укук тартиби

“Телефондук террористке” баш коргоо чарасы каралды

2023-жылдын 18-майында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү фактысы боюнча кылмыш иши каралды жана элдин учурдагы терең нааразылыгын эске алуу менен иштин бардык жагдайлары изилденип чыгып, ошондой эле келип чыккан терс кесепеттер боюнча сот тарабынан соттолуучу Н.А.А.ны күнөөлүү деп табылып, аталган кылмышты жасагандыгы үчүн айыпталып, алты айга […]Читать далее

Маданият

Ошто Дүйнө элдеринин эпосторунун VII эл аралык фестивалы жыйынтыкталды

Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана Казак элининин улуу жазуучусу Муктар Ауэзовдун 125 жылдыгына арналган Дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Дүйнөлүк эпос фестивалы жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн, түрк тилдүү мамлекеттердин, жети дубандын чыгармачыл жамааттарын, илимий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн, өнөр адамдарын башын бириктирди. Үч күнгө созулган фестиваль илимий-практикалык симпозиум, маданий […]Читать далее

Эл аралык мамилелер

Биринчи айым Айгүл Жапарова КЭР Төрагасынын жубайы Пэн жана Өзбекстандын

Биринчи айым Айгүл Жапарова КЭР Төрагасынын жубайы Пэн Лиюань жана Өзбекстандын Президентинин жубайы Зироатхон Хошимова менен биргеликте Сиань шаарындагы «Ису» (Шэньси операсы) театрына барды. Мамлекет башчыларынын коштоосунда барган Кыргызстандын жана Өзбекстандын биринчи айымдарына Кытайга мамлекеттик сапардын алкагында маданий программа уюштурулган. Театрда кытайдын салттуу искусствосунун ар кыл түрү бар, анын ичинде опера, салттуу бийлер, ырдоо жана […]Читать далее

Министрлер кабинети

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Европа инвестициялык банкынын Вице-президенти Тереза

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” экинчи экономикалык форумуна катышуу үчүн Алматы шаарына (Казакстан Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында Европа инвестициялык банкынын (ЕИБ) Вице-президенти Тереза Червинска менен жолукту. Жолугушууда тараптар ЕИБ менен Кыргызстандын ортосундагы энергетика, ичүүчү таза суу, ирригация, транспорт тармактары сыяктуу ар […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда, Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Пекин шаарында Кытай Элдик Саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин Төрагасы Ван Хунин менен жолугушту. Эки мамлекеттин ортосундагы парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо маселелери, ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты илгерилетүү боюнча пландар талкууланды. Ван Хунин Президент Садыр […]Читать далее

Билим

Өлкөдө эртең ЖРТ башталат

Эртең, 20-майда Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2023-жылы тапшыруу үчүн абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөө башталат. Бүгүн, 19-майда тест борборлорун даярдоо жана каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн кошумча каттоо жүрүүдө. Тест төмөндөгү график менен өтөт: I этап: 2023-жылдын 20, 21-майында (19-май – тест борборлорун даярдоо күнү); II этап: 2023-жылдын 23, 24-майында (22-май – тест борборлорун даярдоо […]Читать далее

Коом

«Манас Эл аралык аэропорту» былтыр 41 миңден ашык каттамды тейледи

2022-жылга карата өндүрүштүк ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча «МЭА» ААКнын аэропорттору 41 770 каттамды (конууну/учууну эсептегенде) тейлеген. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз маалымдады. Эл аралык багыт боюнча 28 миң 866 каттам, ал эми ички багыт боюнча 12 миң 904 каттам тейленди. 2021-жылга салыштырмалуу 2022-жылы тейленген каттамдардын саны 23,7% га көбөйгөн.Читать далее