Өлкөдө эртең ЖРТ башталат

 Өлкөдө эртең ЖРТ башталат

Эртең, 20-майда Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2023-жылы тапшыруу үчүн абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөө башталат.

Бүгүн, 19-майда тест борборлорун даярдоо жана каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн кошумча каттоо жүрүүдө.

Тест төмөндөгү график менен өтөт:

I этап: 2023-жылдын 20, 21-майында (19-май – тест борборлорун даярдоо күнү);

II этап: 2023-жылдын 23, 24-майында (22-май – тест борборлорун даярдоо күнү);

III этап: 2023-жылдын 23, 24-июнунда – жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтүнөн кийинкиге калтырылган тестирлөө (22-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү).

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 3-мартынан 7-апрелине чейин жүргүзүлгөн каттоого жалпы 47 миң 383 абитуриент катталган. Андан кыргыз тилинде тапшыра тургандар – 28 миң 120, орус тилин тандагандар – 19 миң 263.

Связанный пост