Коом

Ошто жолдорду оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардагы жолдорду жана тротуарларды оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматты камсыздоо бөлүмү билдирди. Тактап айтканда, шаар башчысы жолду капиталдык оңдоо жана тротуарларды куруу иштери жүрүп жаткан Жогорку Увам көчөсүнө барды. Ал жердеги төшөлгөн жолдун жалпы узундугу 278 метр, туурасы – 6 метр, ал эми […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана ЖЕЭК

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын 24-25-майында Москва шаарында II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) отурумуна катышат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Президент Садыр Жапаров 24-майда, Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” Евразиялык экономикалык форумунун […]Читать далее

Коом

Төө-Ашуудагы тоннелде оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

К.Көлбаев атындагы тоннелдин электр чубалгылары алмаштырылып, жарыктары жаңыртылып, дубалдарын актап, сырдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы маалымдады. Мындан улам унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип жатат. Буга чейин белгилүү болгондой, эртең мененки саат 05:00дон 08:00го чейин, 10:00дон 12:00го чейин, 14:00дон 16:00го чейин жол жабылып, оңдоо иштери жүрүүдө. Аталган аймакта жол […]Читать далее

Коом

Бишкекте муздак сууну керектөөчүлөрдүн саны бир жылда 7% өстү

Бишкекте жыл сайын муздак сууну колдонуунун көлөмү жана керектөөчүлөрдүн саны өсүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Учурда шаар боюнча абоненттердин саны 270342 миңди түзөт. Өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөр 263 286 миң абонентти түзгөн. Жылдык өсүш 7%ды түздү. Ошол эле учурда абоненттердин ичүүчү сууну пайдалануусу да өсүүдө. Жыл сайын ЖЭБди өчүрүү учурунда ичүүчү […]Читать далее

Министрлер кабинети

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев: Камбар-Ата-1 ГЭСи ишке киргизилсе

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, ишке киргизүү жана эксплуатациялоо долбоору боюнча потенциалдуу инвесторлордун сунуштарын изилдөө боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болду. Жыйындын жүрүшүндө ири Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды. Учурда ГЭСке чейинки жолдор, тоннел курулууда. Мындан башка электр линиясын тартууга, көмөкчордонду жана курулуш […]Читать далее

Коом

Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо учурунда Бишкек шаардык милициясы күчөтүлгөн тартипте

Ленин району боюнча жалпы 51 жерде шайлоо участоктору иш алып барып, Бишкек шаардык ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу КРнын ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Ички иштер министрлигинен кошумча күч-каражаттар тартылып, координациялоочу жумуштар жүргүзүлөт. Бул шайлоого даярдыктарды көрүүдө жана өткөрүүдө ички иштер органдарынын кызматкерлерине өз ыйгарымдарынын чегинде мыйзамдуулуктун сактылышын жана коомдук тартиптин […]Читать далее

Коом

Кыргызстан менен Татарстандын Эмгек министрлиги кызматташууну талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Казань шаарында Татарстан Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана социалдык камсыздоо министрлигинин жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Жолугушууда ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, эмгекти коргоо, коопсуздук, эмгек мамилелери жана иш менен камсыз кылуу маселелери боюнча министрликтердин ортосундагы […]Читать далее

Uncategorized @kg Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Шакиев Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеваны кабыл алды

Бүгүн, 22-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев жаңы шайланган Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады. Өлкөдөгү адам укугун, мыйзам үстөмдүгүн камсыздоодо Акыйкатчы институтунун ролу жогору экенин белгилеген Төрага: “Акыркы жылдары бул мекеменин ишине карата түрдүү пикирлер айтылып, ар кандай баа берилип келет. […]Читать далее

Коом

Япониянын өкмөтү КР мектептерине $1,3 млн чукул кырдаалга даярдык көрүү

Жапон өкмөтүнүн көмөгү менен, Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай коому менен кызматташтыкта ЮНИСЕФ өлкө боюнча 600 мектептин өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын камсыз кылуу үчүн 15 000 жабдуу, ошондой эле 100 мектепке 863 компьютер сатып алып, таратып берди. Жардамдын жалпы суммасы 1,3 миллион АКШ долларын түзөт. Бүгүн Чүй облусунун Арашан айылындагы Стрельникова атындагы орто мектепте өзгөчө кырдаалдарга […]Читать далее

Коом

Бишкектин айрым көчөлөрүндө 5 күнгө жаратылыш газы өчүрүлөт

«Бишкекгаз» шаардык газ кызматы 22-майдан 26-майга чейин Бишкек шаарынын Фере – Мусоргский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө жаратылыш газынын сызылып агышын жоюу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлөрүн маалымдайт. Ушуга байланыштуу, төмөнкү көчөлөрдүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт: Саадаев, Жапаров, Республиканская (Ала-Арча д.), ЧЧК, Дачная. «Бишкекгаз» түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен […]Читать далее