Президент

Президент Садыр Жапаров Кызыл Крест жана Кызыл Жарым ай Коомдорунун

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Кыргызстанга сапар менен келген Кызыл Крест жана Кызыл Жарым ай Коомдорунун Эл аралык федерациясынын (КК жана ККЭФ) Башкы катчысы Джаган Чапагейнди кабыл алды. Кыргызстан менен ККЭФтин өлкөдөгү табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу, гуманитардык жардам жана социалдык колдоо боюнча жасалган долбоордук ишмердүүлүгү боюнча эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы […]Читать далее

Медицина

Бейтаптын санариптик амбулатордук картасын» пилоттук режимде киргизүү башталды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Санариптик саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында «Бейтаптын санариптик амбулатордук картасын» пилоттук режимде ишке киргизүүнү баштады. «Бейтаптын санариптик амбулатордук картасы» – бул бейтаптардын медициналык маалыматтарын сактаган жана башкарган маалымат системасы, медициналык кызматкерлерге онлайн режиминде кирүү мүмкүнчүлүгүн берет. Системаны иштеп чыгуунун максаты бейтаптардын ден соолугу жөнүндө маалыматка ыкчам жана […]Читать далее

Укук тартиби

Жарандардан акча талап кылган Чек ара кызматынын 4 аскер кызматкери

2023-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР УКМКнын Чек ара кызматынын “Кайтпас” жана “Өтүкчү” көзөмөл-өткөрүү пунктуларында тинтүү иштери жүргүзүлгөн, анын натыйжасында айрым аскер кызматчылары кармалып, акча каражаты табылып алынды. Табылган акча каражаттарга […]Читать далее

Коом

“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин базасында өзгөчө кырдаал боюнча ыкчам топ түзүлдү

“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин базасында өзгөчө кырдаал боюнча ыкчам топ түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кывзматы билдирди. Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндө» мыйзамын аткаруу  жана шаардын калкын табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо максатында жыйын өткөрүлүп,  мекеменин жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлер өзгөчө кырдаал болгон учурда ыкчам топ кандай иш-аракет кыларын жана кандай […]Читать далее

Коом

Бишкекте №26 бала бакчанын кошумча корпусунун курулушу башталды

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Самойленка көчөсү, 5а дарегинде жайгашкан бала бакчага кошумча корпустун курулуш иштерин  баштады. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга ылайыкталган. Эки кабаттуу, жер төлөсү жок. Имараттын жалпы аянты – 1442 чарчы метр. Имаратта бардык керектүү жайлар биринчи жана экинчи кабаттарда […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Шакиев Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин

Бүгүн, 22-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынына катышты. Алсак, Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдында түзүлгөн аталган кеңештин жыйынында депутаттар, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тиешелүү мекеме жетекчилери, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү болду. Иш-чарада экологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө аяр мамиле кылуу керектигин айткан […]Читать далее

Эл аралык мамилелер

Кыргызстан менен Кытай 1 миллиард доллардан ашык суммадагы келишимдерди түзүштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын 17-20-майында Кытай Эл Республикасына (КЭР) болгон биринчи мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында 1 миллиард доллардан ашык суммадагы келишимдерге кол коюлду. Ошондо төмөнкү документтерге, суммасы менен, кол коюлду: – “China Power International Development Limited” компаниясы менен Ысык-Көл облусунда 1000 мегаваттык күн электр станциясын куруу жөнүндө инвестициялык макулдашуу — 800 млн евро; […]Читать далее

Коом

Кыргызстандыктар Европанын эң мыкты өзгөчө экономикалык аймагында мыйзамдуу түрдө ишке

Кыргызстандыктар Европанын эң мыкты өзгөчө экономикалык аймагында мыйзамдуу түрдө ишке орношо алышат. Бул тууралуу КРнын  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Тиешелүү макулдашууга Россия Федерациясында ишке орношууга көмөк көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору менен Татарстан “Алабуга” өзгөчө экономикалык аймагынын […]Читать далее

Укук тартиби

Чаткалда мыйзамсыз алтын казуу иштери аныкталып, кылмыш иши козголду

Чаткал райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, текшерүүдө, “Чаткал” токой чарбасы мекемесинин кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө бузуп, Чаткал районундагы “Каратюбе-Бузук” участогунан жер казынасын пайдалануу жөнүндөгү лицензиясында көрсөтүлгөн 24,07 га жер аянтынын ордуна, жалпы 42,9 га жер […]Читать далее

Укук тартиби

Чүйдө браконьер кармалды

Министрликтин Чүй облусу боюнча регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 21-май күнү браконьер кармалды. КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кечки саат 21:00 чамасында Мунтокун коктусунан «Мерседес» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, ичин кароо учурунда кылтак менен мыйзамсыз кекилик кармаган жаран аныкталды. Аталган факт боюнча Укук бузулар жөнүндө кодексинин негизинде акт жана бузулар […]Читать далее