Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча Нарын шаардык аскер комиссариатынын кадрлар бөлүмүнүн башчысынын улук жардамчысы Т.М.О. 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалды. Тинтүү учурунда которулган акча каражаттары толугу менен Т.М.О.нун иш бөлмөсүнөн табылды жана документтештирди. […]Читать далее
«Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Бириккен Араб Эмираттарынын Шарджа шаарынан келген аба жүктөрүн бажылык контролдоо жана текшерип кароонун алкагында декларацияланбаган товарлар аныкталган. Бул тууралуу МБКнын маалымат кызматы билдирди. «ТСКД» ЖЧКсынын дарегине «ROLEX» соода маркасынын 5 бирдик жана «PATEK PHILIPPE GENEVE» соода маркасынын 1 бирдик оригиналдуу кол сааттары келген. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” экинчи экономикалык форумуна катышуу үчүн Алматы шаарына (Казакстан Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Президенти Одиль Рено-Бассо менен жолукту. Жолугушууда тараптар ЕРӨБ алкагындагы кызматташууларды, анын ичинде унаа жолдору, каржы жана энергетика тармагын […]Читать далее
Нарын шаарында энелер күнү белгиленип, майрамдык иш чарага 250 баатыр эне чакырылды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. “Элибизде эзелтеден келе жаткан бир жакшы сөз бар, ” Кыз бала төрөлгөндө анын энесине бейиштин эшиктери ачылат, ал турмушка чыкканда жолдошунун ыйманы жакшырат, ал төрөп, балалуу болгондо бейиш анын таман астында болот! Очоктун ээси, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтчасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Б.Э. Төрөбаевдин катышуусу менен мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен Ысык-Көл облусунун аймагында полиэтилен пакеттерин колдонууга этап-этабы менен тыюу салууну караган “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ № 131 КР Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Президентинин […]Читать далее
КР УКМК жер казынасын пайдалануу системасындагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, кендерди иштетүүгө лицензиясынан ажыратабыз деп коркутуп, инвесторлордон акча талап кылып, жаңыдан түзүлгөн компаниянын 20% акциясын талап кылуу менен, мамлекеттик ишканалардын биринин башкы директору 2,5 млн сом өлчөмүндө пара менен кармалды. Аталган башкы директор башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып, мунай […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Премьер-министри Алихан Смаилов менен
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” экинчи экономикалык форумуна катышуу үчүн Алматы шаарына (Казакстан Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов менен жолукту. Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыгы, ошондой эле эл аралык уюмдар менен […]Читать далее
Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында коллегиянын жыйыны өттү. Жыйынга коллегия мүчөлөрү жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты. Коллегиянын жыйынында Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы, 2022/2023-жылдын күз-кыш мезгилинин жыйынтыктары жана 2023/2024 күз-кыш мезгилине даярдык каралды. Жеке турак жай куруу департаментинин директорунун айтымында, Бишкек шаарынын мэриясынын токтому […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери жана Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен бирге Сиань шаарындагы Достук аллеясына көчөттөрдү отургузду. Салтанат биринчи “Борбор Азия – Кытай” Саммити аяктагандан кийин болуп өттү. Мамлекет башчылары анар көчөттөрүн отургузуп, эстеликке сүрөткө түштү.Читать далее
Бүгүн, 19-майда Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарында өткөн “Борбор Азия – Кытай” мамлекет башчыларынын Саммитинин жыйынтыгы боюнча Сиань декларациясы кабыл алынды. Бул документке Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, КЭР Төрагасы Си Цзиньпин, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдор кол коюшту. Жылуу достук жана өз ара […]Читать далее