Жасалма чет элдик валютаны алып кирүүгө аракет кылган Түркиянын жарандары кармалды

 Жасалма чет элдик валютаны алып кирүүгө аракет кылган Түркиянын жарандары кармалды

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана акча каражаттарын мыйзамсыз алып өтүүгө каршы аракеттенүү линиясында кылмышкерлерди аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Кыргыз Республикасынын УКМКсы иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү жасалма чет элдик валюта банкнотторун ташуу боюнча туруктуу каналы аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу жасалма акчаны мыйзамсыз алып кирүү каналын токтотуу максатында, 2023-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигине караштуу Мамлекеттик баажы кызматынын ыкчам бажысы менен өз ара аракеттенүүсүндө, “Ош-Аэропорт” өткөрүү пунктунан өтүүгө аракет кылганда, 1986-жылы туулган Түркия Республикасынан келген эки чет элдик жаран А.Ф.Ш., жана 1988-ж.т. Н.Ш.Ш. кармалды, жеке тинтүү учурунда 20 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма чет элдик валюталар табылган.

Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында тиешелүү тергөө амалдары жана бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Связанный пост