Бирдиктүү электрондук почта системасы жөнүндө жобо бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Аталган чечим аткаруу бийлигинин органдарына Бирдиктүү электрондук почта системасын орнотууга, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткарууга багытталган. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине […]Читать далее
Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Cузак районунун тургундары менен жолугушууда. Жыйында, жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер, мыйзамсыз иш-аракеттер, коомчулукта орун алган көйгөйлөр боюнча кайрылышууда. Калктын кайрылуусу жеринде кабыл алынып, көйгөйлөрүн ыкчам чечүү максатында тийиштүү прокуратура органдарына тапшырмалар берилди. Жыйынга Сузак районунун 500дөн ашуун тургуну катышууда. Эске салсак, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дарегине Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык өз кызмат орундарына 14 талапкер, ошондой эле бош судьялык кызмат орунга 1 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Тийиштүү мамлекеттик органдар […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2022-жылдын 5-июлунан 18-июлуна чейин Нью-Йорктогу БУУ штаб-квартирасында өтүп жаткан БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин (ЭКОСОС) калкасы астындагы Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумга катышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУ Европа экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) региондору үчүн туруктуу өнүктүрүү боюнча аймактык форумунун төрагасы катары […]Читать далее
Ушул жылдын 12-13-июлунда IX Кытай-Борбор Азия кызматташтык форуму болуп өттү. Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Мамытов форумдун ардактуу коногу катары видеобайланыш аркылуу сөз сүйлөдү. Төрага Кыргызстан Кытай менен кызматташууга артыкчылык берерин баса белгилеп, кыргыз тарап Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин тарабынан коюлган Глобалдык өнүгүү демилгеси жана Глобалдык коопсуздук демилгеси сыяктуу маанилүү концепцияларды колдой турганын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 14-июлда, өлкөнүн Министрлер Кабинетинин жыйыны өттү. Жыйында 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө Министрлер Кабинетинин отчету угулду. Иш-чара Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда өттү. Видеоконференцбайланыш режимине […]Читать далее
Азык-түлүктүн баасынын көтөрүлүшү боюнча өз убагында жана пландаштырылган иштер жүрүп жатат. Россия Федерациясынан бензинди жана дизелдик отунду алымсыз ташып келүүнүн көлөмү көбөйтүлдү. Көмүргө, кумшекерге жана өсүмдүк майына бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Ун комбинаттары кошумча нарк салыгынан жана сатуудан алынуучу салыктан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер […]Читать далее
Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, Министрлер Кабинетинин жыйынында тапшырмаларды аткаруу тартибин сактоонун жана мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи. «Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын жетекчилигинин тапшырмаларынын саны — 5779. Алардын ичинен мөөнөтү өтүп, аткарылбай турганы — 5,2%. Бул боюнча аймактардан начар көрсөткүч Чүй облусунда катталды», — деп белгиледи Мамлекет башчысы. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, Министрлер Кабинетинин жыйынында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин ишин сынга алды. “Акимдерге биз өтө чоң ыйгарым укуктарды бергенбиз. Бирок бүгүнкү күндө жыйынтык көрүнбөй жатат. Жергиликтүү бийлик эл менен тыгыз байланышта иштебегендиги үчүн жарандар агылып, бизге арызданып келүүдө. Ар бир жарандын маселесин терең түшүнүп, качан, кантип чечсе болорун […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, Министрлер Кабинетинин жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаевге күз-кыш мезгилине даярдыктарды күчөтүүнү тапшырды. «Азыр жайдын ортосуна келдик, көмүрлөрдү эртерээк даярдаңыз, графиктерди дагы бир жолу өзүңүз карап чыгыңыз. Биз сиздер үчүн бардык шарттарды түзүп бергенбиз, андыктан көмүргө байланыштуу эч кандай маселе жаралбашы керек», — деди Президент. Министрдин энергетика тармагындагы иштер, атап айтканда, […]Читать далее