Кыргызстан менен Сауд Арабиянын ТИМ башчылары кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү талкуулашты

 Кыргызстан менен Сауд Арабиянын ТИМ башчылары кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж. Кулубаев Сауд Араб Падышалыгынын Тышкы иштер министри Ханзаада Файсал бин Фархан Аль-Сауд менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын жолугушуусу «Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши + Борбордук Азия» стратегиялык диалогунун алкагында өттү.

Тараптар эки эки өлкөнүн мамилелеринин бийик деңгээлин белгилеп, кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу саясий диалогду бекемдөө боюнча кийинки кадамдарды талкуулашты.

Ханзаада Файсал Аль-Сауд Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Сауд Араб Падышалыгына расмий сапарынын так мөөнөтүн жакын арада билдирээрин белгиледи.

Ошол эле тараптар учурдагы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды күчөтүүгө, анын ичинде Бишкек шаарында кыргыз-сауд бизнес форумун өткөрүү, ишкерлер кеңешин түзүү, эки мамлекеттин ортосунда түз аба каттамын ачуу жана Кыргызстандын жарандарына Сауд Араб Падышалыгына кирүү үчүн виза алууга болгон талаптарды жеңилдетүү үчүн биргеликте аракеттенүүнү макулдашышты.

Министр Ж. Кулубаев биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын алдыдагы отуруму экономика, туризм жана логистика чөйрөлөрдөгү эки тараптуу байланыштардын өнүгүүсүнө, анын ичинде Кыргызстандын инвестициялык долбоорлорун ишке ашырууга жаңы дем берээрин баса белгиледи.

Сауд Араб Падышалыгынын Тышкы иштер министри эки элдин маданиятын таныштыруу максатында, Бишкек шаарында Сауд Араб Падышалыгынын маданий борборун куруу боюнча долбоору иштелип жатканын кабарлады.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда тараптар күн тартибинде турган орчундуу маселелердин баарын ишке ашырууну макулдашышты.

Связанный пост