Бишкек шаарынын мэри Чехиянын делегациясы менен жолугушту

 Бишкек шаарынын мэри Чехиянын делегациясы менен жолугушту

Муниципалитетте борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун Парламент депутаттар Палатасынын төрагасынын орун басары Ян Бартошек баштаган Чехия Республикасынын делегациясы менен жолугушуусу болду.

Жолугушууда тараптар достук мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Борбор калаанын мэри Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаадагы тарыхый эстеликтерди сактоого өзгөчө маани берерин жана Чехословакиядан келген «Интергельпо» кооперативинин тарыхый мааниси тууралуу керектүү маалыматтарды табууга көмөктөшүүгө даяр экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Чехия делегациясы боордош көрүстөнүндөгү Чехословак мүрзөлөрүнө, Интергельпо районуна, Ю.Фучик паркына жана А. Дубчектин үйүнө барууну пландаштырууда.

Жолугушууга Чехиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Гикл Рудольф, 1-катчы, Чехиянын Кыргыз Республикасындагы элчисинин орун басары Йозеф Богач, Чехиянын КРдагы ардактуу консулу Марат Джаанбаев жана Чехиянын Коргоо министрлигинин аскер мүрзөлөрүн багуу боюнча департаментинин директору Павел Куглер катышты.

Связанный пост