Президенттин Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары аяктады

 Президенттин Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 11-12-сентябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары аяктады.

Сапар жүрүшүндө Мамлекет башчысы КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 36 кызматкерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров эски жатакана имаратын чек арачылардын 70 үй-бүлөсү үчүн көп батирлүү үй кылып реконструкциялоонун долбоору менен таанышып, имаратты сапаттуу капиталдык оңдоого жана чек арачылардын үй-бүлөлөрүн ыңгайлуу, заманбап батирлер менен камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен каражат кароону тапшырды.

Андан соң ал КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Башкармалыгынын имаратынын реконструкциялоо иштери менен таанышты.

Ошондой эле, иш сапардын алкагында Президент «Кыргызнефтегаз» ААК жылдыгын жана мунайгаз тармагында эмгектенгендердин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чарага катышты.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын мунайгаз тармагынын ардагерлери менен кызматкерлерин кесиптик майрамы жана өлкөнүн мунай табуу тарыхынын 90 жылдыгы менен куттуктады.

12-сентябрда Президент Садыр Жапаров «Жалал-Абад май иштетүүчү заводу» ЖЧКсыныда болуп, ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш сапарын аяктап, Мамлекет башчысы Бишкек шаарына келди.

Связанный пост