Кыргызстан Чехия алакасын кеңейтүү маселелери талкууланды

 Кыргызстан Чехия алакасын кеңейтүү маселелери талкууланды

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов Чехия парламентинин Депутаттар палатасынын төрагасынын орун басары Ян Бартошек менен жолугушту. Жолугушууга Чехия Республикасы менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Эмил Жамгырчиев жана Чехиянын Кыргыз Республикасындагы жана Казакстан Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Рудольф Гикл катышты.

Жолугушууда эки тараптуу алаканы өнүктүрүү, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Талант Мамытов Кыргызстан Чехия менен кызматташууга өзгөчө маани берерин белгилеп, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө олуттуу түрткү бере турган саясий диалогду активдештирүү зарылчылыгына токтолду.

«Биздин тарыхый байланыштарыбыз терең экенин канааттануу менен белгилегим келет. Өлкөбүздүн өнөр жайын өнүктүрүүгө зор салым кошкон «Интергельпо» кооперативинин баа жеткис салымы дайыма эсибизде. Мындан тышкары, 1930-жылдары Кыргызстанда иштеген атактуу чех жазуучусу, журналист, публицист Юлиус Фучиктин элесине чоң таазим этебиз. Азыркы учурда аталган улуу инсандын атын алып жүргөн көчө жана сейил багы бар», – деп кошумчалады Төрага.

Ошондой эле Талант Мамытов парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү тууралуу да сөз кылып жатып, эки өлкөнүн парламенттеринин комитеттеринин, достук топторунун деңгээлинде алакаларды өнүктүрүүнү сунуштады.

«Мындан тышкары, билим берүү, маданият жана искусство жаатындагы кызматташтыкты арттыруу артыкчылыкка ээ», – деген Талант Мамытов, Чехия тарапка билим берүү багытында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады.

Өз кезегинде Чехия Республикасынын парламентинин Депутаттар палатасынын төрагасынын орун басары Ян Бартошек бардык демилгелерди колдоорун билдирип, билим берүү жана аймактар аралык байланышты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

Муну менен катар тараптар экономикалык чөйрөдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты арттыруу, айыл чарбасында жана заманбап технологиялар тармагында тажрыйба алмашуу, ошондой эле эки өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча пикир алмашты.

Связанный пост