Бүгүн, 11-августта Бишкек шаарында сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында өтө турган ички иштер министрликтеринин кеңешинин жыйынына даярдык көрүү боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин эксперттеринин кеңешмесинин отуруму болуп өттү. ИИМден билдиргендей, кеңешмеге Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын ички иштер министрликтеринин (полициянын) өкүлдөрү, ошондой эле КМШга катышкан мамлекеттердин аймактарында уюшкан кылмыштуулукка […]Читать далее
2022-жылдын 25-26-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Алдыда боло турган иш-чарага КР министрлер кабинетинин төрагасы, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин төрагасы Акылбек Жапаров төрагалык кылат. Иш-чарага Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн, байкоочу мамлекеттердин өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы, ошондой эле […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров «Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын «Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө» мыйзамдын максаты — креативдүү иш менен алектенген ишкерлердин ишинин өзгөчө режиминин иштеши үчүн укуктук негиздерди түзүү. Креативдүү экономика акыркы жылдары дүйнөлүк экономиканын динамикалуу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдары менен жолугушту (ТМУ Аксакалдар кеңеши). Мамлекет башчысы коноктор менен саламдашып жатып, аксакалдар коомдо жана мамлекетте ардактуу орунду ээлей турганын белгиледи. Алардын кадыр-баркы талашсыз жана тарыхтын жүрүшү алардын таасири менен аныкталарын белгиледи. Садыр Жапаров ааламдашуу доорунда жана көптөгөн элдер өзүнүн түпкүлүгүн жоготуп алган мезгилде Түрк […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна барды. Мамлекет башчысына Кыргызстандын сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Атап айтканда, судьяларга иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүүнү камсыз кылган маалыматтык системалар, сот отурумдарын автоматтык түрдө дайындоо, соттордун курамын түзүү жана башкалар жөнүндө айтылды. Мындан тышкары, Президентке аткаруу өндүрүшүнүн бизнес-процесстерин автоматташтыруу, сот иштерин жана […]Читать далее
«Сот реформасындагы негизги жана эң маанилүү кадам бул – судьялардын кынтыксыз иштешин, сот тутумунун ишмердүүлүгүнүн жогорку сапатын камсыз кылуу менен элдин үмүт-тилегин актоо», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна барып, судьялар менен жолугушуусунда. Мамлекет башчысы сот системасын реформалоодогу чечкиндүү кадамдардын бири судьяларды ротациялоо болгонун белгиледи. «Мындай масштабдуу […]Читать далее
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов баштаган делегация 3-4-августта Өзбекстандын ШКУга төрагалыгы астында Ташкентте өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин регион башчыларынын форумуна катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Анда Алмаз Мамбетов “Ош шаары Улуу Жибек жолунун туристтик провайдери” темасында баяндама жасады. Өз сөзүндө Мамбетов туризмди өнүктүрүүнүн дүйнөлүк экономикадагы эң маанилүү […]Читать далее
Өмүрбек Текебаев Саксония Федералдык мамлекетинин Экономика, эмгек жана транспорт министрлигинде
2022-жылы 2-августта Дрезден шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Саксония Федералдык жеринин Экономика, эмгек жана транспорт министрлигинин Статс-катчысы Томас Кралински жана Германиянын федералдык эмгек агентствосунун Саксония федералдык жеринин Регионалдык директору Клаус-Петер Ханзен менен жолугушуп, анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Саксония федералдык жеринин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн негизги багыттары талкууланды. Элчи Өмүрбек Текебаев […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-августта, Араб Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Наиф Фалах Мубарак аль-Хажрафты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде саясий, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Наиф Фалах Мубарак аль-Хажрафтын өлкөгө биринчи сапары Кыргызстан менен Араб […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бахрейндин банк иши жана финансы институтунун директору Ахмед Аль-Шейх жетектеген Бахрейн Королчулугунун делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялык, соода-экономикалык, айыл чарба, энергетика, саламаттыкты сактоо жана туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары республиканын туристтик мүмкүнчүлүгүн […]Читать далее