Бийлик өкүлдөрү Нарын облусунун тургундары менен жолугушту

 Бийлик өкүлдөрү Нарын облусунун тургундары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн калк менен жолугушуусу уланууда.

Бүгүн Нарын облусунун Кочкор жана Жумгал райондорунун тургундары менен жолугушуулар болуп өттү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө жер тилкелерин трансформациялоо, инфраструктуранын, социалдык объектилердин абалына байланыштуу маселелер, ошондой эле укук коргоо жана көзөмөл органдарынын ишмердүүлүгү боюнча маселелер көтөрүлдү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев белгилегендей, бул сыяктуу аймактагы калк менен жолугушуулар курч маселелерди чечүүгө багытталган, ошол эле учурда алардын чечилишин ыкчамдатууга мүмкүндүк берет.

«Ар бир суроого, ар бир көтөрүлгөн көйгөйгө жооп берилет. Ар бир кайрылуу менин жеке көзөмөлүмдө болот», – деп белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү көтөрүлгөн маселелер боюнча жыйынтыктуу маалыматтарды берүү үчүн жарандарга жеринде тийиштүү консультацияларды беришти.

Эске салсак, өлкө аймактарында эл менен жолугушуулар Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча өткөрүлүүдө.

Связанный пост