Кыргыз-Россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелери каралды

 Кыргыз-Россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелери каралды

12-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Базарбаев менен Россия Федерациясынын Ички иштер министри В.Колокольцевдин жолугушуусу болду. Анын жүрүшүндө миграция чөйрөсүндөгү Кыргыз-Россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелери каралды.

Андан ары Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри К.Базарбаев, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К.Самат, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору К.Акматбеков менен Россия Федерациясынын Ички иштер министринин Биринчи орун басары А.Горовой жана Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын башчысы В.Казакованын кеңири сүйлөшүүлөрү болду.

Жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясында жүрүүсүнө жана алардын миграциялык каттоого туруу тартибине байланышкан көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Кыргыз тарабы Россия Федерациясынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн эки тараптуу жолугушуулардын алкагында жана ЕАЭБде КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан демилгеленген миграциялык жол-жоболорду жакшыртуу максатында жогоруда аталган маселелерди чечүү боюнча конкреттүү сунуштарды киргизди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Россия тарабы кыргыз тарабынын сунуштарын эске алып, көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүү боюнча макулдашууга жетишти.

Связанный пост