Элчи Уланбек Тотуяев Пакистандын Темир жолдор жана авиация министри менен жолугушту

 Элчи Уланбек Тотуяев Пакистандын Темир жолдор жана авиация министри менен жолугушту

8-сентябрда Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Темир жолдор жана авиация министри Хаваджа Саад Рафик менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, атап айтканда, соода-экономикалык, инвестициялык жана техникалык кызматташууну талкуулашты. Бул контекстте ийгиликтүү өз ара пайдалуу кызматташтыкты куруунун эң маанилүү факторлорунун бири болгон аймактын өлкөлөрүнүн ортосунда натыйжалуу логистикалык каттамдарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасалды.

Буга байланыштуу тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы аба каттамдарынын санын көбөйтүүгө багытталган биргелешкен иштерди жүргүзүүнү макулдашты. Мындан тышкары, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу, ошондой эле Өзбекстан-Ооганстан-Пакистан сыяктуу өлкөлөр ортосундагы темир жол байланыш долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Бул контекстте эки өлкөнүн ортосундагы эки өлкөнүн ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарынын кайра жанданышы боюнча макулдашылды.

Связанный пост