Шаардык муниципалитетте пландык кеңешме өттү

 Шаардык муниципалитетте пландык кеңешме өттү

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы астында муниципалитетте пландык кеңешме өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу, Бишкек курултайын өткөрүү жана алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык маселелери талкууланды.

Биринчи маселе боюнча борбордун вице-мэри Олег Попиков маалымдагандай, 17-сентябрда борбор калаада массалык ишембилик өтөт. Негизги басым бекитилген участокторго ылайык короо ичиндеги аймактарды тазалоого багытталат.

Шаар башчысы жогору турган документти ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын конкреттүү планын иштеп чыгууну тапшырды. “Тазалык” муниципалдык ишканасына таштандыларды өзүнчө чогултуу үчүн тиешелүү таштанды контейнерлерин сатып алуу боюнча сунуштарды берүү, ал эми акимиаттарга пилоттук долбоор ишке ашырыла турган даректерди аныктоо тапшырылды. Ошондой эле борбор калаанын мэри “Бишкасфальтсервис” МИсине шаардык жолдордо жол белгилерин түшүрүү жана тротуарларды оңдоо боюнча иштерди тездетүүнү тапшырды.

Связанный пост