22-25-май күндөрү Талас шаарында Тоо театрларынын II Республикалык фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Фестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын 15 жылдыгынын урматына арналат. Анын алкагында Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында республиканын аймагындагы театрлар: Т. Ажибаев […]Читать далее
Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана Казак элининин улуу жазуучусу Муктар Ауэзовдун 125 жылдыгына арналган Дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Дүйнөлүк эпос фестивалы жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн, түрк тилдүү мамлекеттердин, жети дубандын чыгармачыл жамааттарын, илимий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн, өнөр адамдарын башын бириктирди. Үч күнгө созулган фестиваль илимий-практикалык симпозиум, маданий […]Читать далее
Министр Кудайберген Базарбаев бүгүн Бишкекте өткөн “Лейлек килемдери – 2023” фестиваль-жарманкесине катышты. Бул тууралуу КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады. Ал белгилегендей, колго жасалган килемдер бүткүл дүйнөнүн «жашыл экономикага» умтулуусун чагылдырат. «Эмгек министрлиги тарабынан КР Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылып жаткан «Социалдык келишим» долбоорунун катышуучуларынын бири учурда килемдерди жасоо менен алектенет. […]Читать далее
Бүгүн, 18-майда Ош шаарында дастанчылыкты аркалаган өнөр ээлерин камкордукка алуу, улуу өнөрдү өнүктүрүү, мыктыларын кеңири коомчулукка таанытуу жана аларга чыгармачылык жактан дем берүү максатында Дүйнө элдеринин эпосторунун VII фестивалынын алкагында дастан айтуучулардын сынагы өтүп жатат. Сынака 15 жаштан 35 жашка чейинки дастан айтуучулар катышууда. Сынактын башкы уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат , спорт жана жаштар […]Читать далее
2023-жылдын 18-майында, саат 17.00дѳн – 22.00гѳ чейин Эл аралык салттуу Музейлер күнүнѳ карата “Музейдеги түн” акциясы ѳткѳрүлѳт. Борбордук Азиядагы эң ири музейлердин бири – Улуттук тарых музейинин масштабдуу 5 миңден ашуун кѳптѳгѳн кѳрүүчүлѳрдүн катышуусу күтүлгѳн акциясында, бир эле мезгилде 70ге жакын иш-чара уюштурулат. Музей кѳрүүчүлѳрү жана сүйүүчүлѳрү үчүн экспозиция залдарында тарыхый персонаждардын образдарын чагылдыруу, авиация […]Читать далее
Бүгүн, 17-майда Ош шаарынын борбордук аянтында Дүйнөлүк эпостордун VII эл аралык фестивалы расмий ачылды. Салтанаттуу ачылышка Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Джамиля Исаева, Маданият, маалымат, спорт жана жашатр саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, “Түрксой” Эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Президентинин Ош облусундагы ыйгарым […]Читать далее
Бүгүн, Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана Казак элининин улуу жазуучусу Муктар Ауэзовдун 125 жылдыгына арналган Дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалынын салтанаттуу ачылышы болду. Анын ачылыш аземине, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Жамиля Исаева, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар […]Читать далее
Кыргыз Ресрубликасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Эл аралык “Айтыш Төр” телесынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сертификаттарды тапшырды. Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз сөзүндө “Манас” үчилтиги жана “айтыш” өнөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргендигин белгиледи. “Өткөн жылы Мамлекет башчысы “Манас” театрын ачкан болсо, бүгүнкү күндө бул театрда 100дөн ашуун дастанчы, […]Читать далее
Бүгүн, 15-майда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы Тогуз-Торо райондук көркөм-өнөр мектебинде, музыкалык мектептер арасында өткөрүлгөн “Жаш музыкант-2023” облустук кароо сынак старт алды. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Сынакка Тогуз-Торо райондук көркөм-өнөр мектебинин, Нарын шаардык Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар музыкалык мектебинин, Ат-Башы райондук Жумамүдүн Шералиев атындагы […]Читать далее
Бүгүн, Ош мамлекеттик университетинин Башкы имаратында акын Жусуп Турусбековдун кызы, советтик кыргыз режиссёр айымы Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына карата Кыргызстан айым-режиссёрлорунун V Кинофорумунун ачылыш аземи болуп өттү. Анын алкагында Лила Турусбекова тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, Түркиядан, Кореядан жана Казакстандан келген кинематографисттер тарабынан мастер-класстар өткөрүлдү. Иш-чаранын экинчи күнүндө, 12-майда “Семетей” кинотеатрында Кинофорумдун 14 катышуучусунун тасмалары көргөзүлүп, […]Читать далее