“Жалбыз” социалдык- лирикалык тасмасынын бет ачары өттү

Бүгүн, 5-сентябрда Улуттук тарых музейде “Кыргызсериал” чыгармачыл-өндүруштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемеси тарабынан тартылган “Жалбыз” аттуу социалдык- лирикалык, детективдик элементтерге бай, заманбап мелодраманын 2-сезонунун бетачары өттү.
Ага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, коомдук жана чыгармачыл чөйрөдөгү интеллигенция өкүлдөрү жана киносүйүүчүлөр катышты.
Бет ачардын алдында, “Кыргызсериал”мамлекеттик мекемесинин жетекчиси, драматург, сценарист Жеңишгүл Өзүбекова келген меймандарга ыраазычылык билдирип, учурда маданият жаатында жар салып сүйүнө турган жакшы жаңылыктар болуп атканын, анын ичинде “Кыргызсериалдын” чакан жамааты тыным албай эмгектенип, “Жалбыз” телесериалынан тышкары, “Мурас”, “Чоочун киши”, “Чыпалак бала”, “Кыздар ICE” аттуу телесериалдарды дагы тартып жатышканын, жакынкы күндөрү аларды да коомчулуктун назарына сунушташарын айтты.
Андан сон тартылып аткан тасмалардын кыскача анонстору көрсөтүлүп, “Жалбыз” тасмасынын бир сериясы тартууланды.
Тасманын аягында, Маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев Президент Садыр Жапаровдун “Улуттук киноиндустриясын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясынын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн “Кыргызсериалы” мамлекеттик мекемеси алгычкы жемишин тартуулап жатканын, кыргыз идеологиясын ишке ашыра турган демилгелерге өбөлгөлөр мындан ары да түзүлө беришине тилектештигин билдирип, тасма жаратуучулардын ишине ийгиликтерди каалады.
Ал эми мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов “Кыргызсериалы” мамлекеттик мекемеси, кыргыз сериалдары аркылуу кыргыздын салтын, наркын, ыйманын, каадасын, Манасын, ариетин жеткире беришине ынтызарлыгын билдирди.

Связанный пост