“Мейкин Азия” III эл аралык фестивалынын экинчи күнү өттү

Бүгүн, 19-августта Чолпон-Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын “Мейкин Азия” III эл аралык фестивалынын экинчи күнү өттү.

 

Катышуучулар өз тандоосу боюнча дүйнөлүк хит ырларды тартуулады.

 

Ондон ашык мамлекеттин жаш аткаруучуларынын талантын жана мыктылыгын аныктоо үчүн эл аралык калыстар тобу түзүлүп, ага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Актан Исабаев төрагалык кылууда. Курамында Түркия, Түндүк Македония, Казакстан, Өзбекстан, Германия жана Россиянын көрүнүктүү маданият өкүлдөрү кирген.

 

Фестивалдын жүрүшү УТРК тарабынан түз эфирде көрсөтүлүп, кыргызстандыктар иш- чаранын жүрүшүн толугу менен көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

 

Фестивалдын жыйынтыгы, эртең, 20 -август күнү өтө турган гала-концертте белгилүү болуп, жеңүүчүлөр акчалай сыйлык жана баалуу белектер менен сыйланмакчы.

 

Эске салсак, фестивалдын биринчи күнү 18-август күнү өтүп, конкурсанттар өз эне тилиндеги ырларды жандуу аткарышкан.

 

Сынакка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Венгрия, Түркия, Түндүк Кипр, Босния жана Герцоговина, Россия, Түндүк Македония, Словения жана Сербия мамлекеттеринен келген 18 жаштан 35 жашка чейинки таланттуу 16 жаш эстрада ырчылары катышууда.

 

Экинчи күндүн мейманы катары эл алдында Arabesque original Michaela Rose тобу өз чыгармаларын тартуулады.

Связанный пост