“QarashLab” кино фестивалынын ачылыш аземи өттү

 “QarashLab” кино фестивалынын ачылыш аземи өттү

Бүгүн, 27-октябрда белгилүү кинорежиссер Динара Асанованын жаркын элесине арналган «QarashLab» кино фестивалынын ачылыш аземи «Ала-Тоо» кинотеатрында өттү.

Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Эдиль Байсалов, Кинематография департаментинин директору Акжол Бекболотов жана чет элдик жана кыргызстандык кинематографисттер, искусство жана маданият ишмерлери, бизнес коомчулугунун өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышышты.

Эдиль Байсалов «QarashLabдын» алкагында көптөгөн жаңы идеялар, жаңы долбоорлор пайда болуп, алар кино тармагындагы адистердин гана эмес, коомчулуктун көнүлүнөн орун алат деген ишеничин билдирип, бүгүнкү азем Динара Асанованын жаркын элесине арналып жатканын белгилеп, “биздин муун Динара Асанованын тасмалары менен чоңойгонбуз”-деди ал.

«QarashLabдын» жетекчиси Улугбек Салымбеков алыстан жана жакындан келген конокторго ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чаранын расмий ачылышы аяктагандан кийин Динара Асанова тарткан “Боз балдар” тасмасы көрсөтүлүп, андан соң кино тармагынын адистери өз ара талкуу кылышты.

Эртең 28-октябрь, саат 19:00 казакстандык жаш режиссер Айсултан Сейитовдун “Каш” тасмасынын бет ачары болот. Тасмадан кийин режиссер жана кино адистердин ортосунда талкуу болот.

29-октябрь саат 19:00 режиссёр Дальмира Тилепбергенова тарткан “Белек” көркөм тасмасынын бет ачары болот. Тасмадан кийин кино жаратуучулар жана кино адистери талкуу кылышат.

Үч күнгө созулган кино иш-чара 30-октябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Асанкан Жумакматов атындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин коштоосунда башкы дирижер Рахатбек Осмоналиевдин жетекчилигинде концертик программа менен аяктайт. Оркестр Динара Асанованын тасмаларынан музыкаларды, ошондой эле өлкөнүн жаңы заманбап кинолорундагы композиторлордун саундтректерин аткарат.

Концерттин жүрүшүндө кинодолбоордун жеңүүчүлөрү аныкталат.

Связанный пост