Фрунзе үй-музейинде “Санарип архив бөлмөсү” ачылды

 Фрунзе үй-музейинде “Санарип архив бөлмөсү” ачылды

Фрунзе үй-музейинде “Санарип архив бөлмөсү” ачылды.

Ачылыш Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ли Вон Чжэ мырза, Бейзаттык маданий мурастарды изилдөө борборунун директору Хам Ханки айым, Азия маданият борборунун директорунун орун басары Ли Жонгран,Тышкы иштер министринин мурунку орун басары Динара Кемеловалар катышуусунда өттү.

Алтынбек Максутов өз сөзүндө Кыргызстан менен Корея өлкөсүнүн өнөктөштүк долбоору аркылуу Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик музейлердин маалымат системасы аркылуу өзгөчөлөнгөн музей буюмдары, музей коллекциялары, тарыхый булактар жана баалуулуктар жөнүндө билүүгө жана музейлердин локациясы менен кеңири таанышканга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын белгилеп, бул багытта Корея Республикасы менен биргеликте жасалып жаткан иш-аракеттер үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилесек, Корея Республикасынын Азия маданият борбору тарабынан эки жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Улутук тарых музейинде, Г.Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейине, Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборуна жана “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине техникалык жабдуулар алынып берилип, “Санарип жана архив” бөлмөлөрү ачылган.

Бул иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Корея Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министрлигине караштуу Азия маданият борборунун ортосундагы маданий ресурстарды башкаруунун санариптик системасын иштеп чыгуу жана заманбап иш алып баруу максатында ишке ашып жатат.

Связанный пост