Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктагандан кийин “Таза Мурас” улуттук экологиялык өнөктүгү башталды. Анын негизги жыйынтыгы 2026-жылдын 20-сентябрында өтө турган Дүйнөлүк тазалык күнү болот. Активист Айжан Чыныбаева билдиргендей, өнөктүктүн негизги идеясы — “Оюн бүтөт — мурас калат”. Ал Кыргызстандын маданий мурасын ар бир адамдын жерге, сууга, тоолорго жана шаарларга болгон жоопкерчилиги менен айкалыштырат. Бул баалуулуктар келечек […]Читать далее
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык мониторинг департаментинин адистери “Формула-1” боюнча дүйнө чемпионаты өткөн Ысык-Көл облусунун Бает айылында сууга изилдөө жүргүзүштү. Аталган мекеменин башкы адиси Рамил Мелис уулу өткөн маалымат жыйында изилдөөнүн жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Анын пикиринде, экологиялык мониторинг 30-июлда жарышка чейин башталган. Мелдештен кийин 3-августта алынган суу үлгүлөрүнүн лабораториялык анализинде булгоочу […]Читать далее
Ысык-Көлдүн акваториясында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирет. Рейддик иш-чара Жаркынбаев, Өрүктү жана Чоң Өрүктү айылдарынын аймагында жүргүзүлүп, мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган 500 метрге жакын эски кытай синтетикалык тор суудан чыгарылды. “Мындай синтетикалык торлор суудагы биологиялык ресурстарга олуттуу зыян келтирип, балыктардын жана башка суу жаныбарларынын кырылышына алып […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Ысык-Көл облусунун аймагында 100дөн ашык рейд өткөрүлүп, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан көлдөн 35 миң метрге жакын мыйзамсыз балык уулоочу тор алынган. Бул тууралуу аталган кызматтын директору Бекжан Султангазиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, учурда рейддик иш-чаралар атайын бекитилген графиктин негизинде көлдүн үстүндө да, жээк аймактарында да үзгүлтүксүз […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы менен MSDSP KG коомдук фонду өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Токой кызматынан билдиришкендей, келишим өлкөдө токой аянттарын кеңейтүүгө, экосистемаларды калыбына келтирүүгө жана “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. Тараптардын кызматташтыгы айлана-чөйрөнү коргоого жана климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин азайтууга өбөлгө түзөрү белгиленди.Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында транспорт тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдөн мамлекеттик бюджетке 614 млн сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17 пайызга же дээрлик 91 мдн сомго көп. “6 айдын ичинде транспорттук ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн 10 миң 275 лицензия берилген. […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңеште төрага Марлен Маматалиевдин жетекчилиги алдында Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. Жыйынга депутаттар, министрлер кабинетинин өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана алдыңкы эксперттер катышты. Күн тартибиндеги башкы маселе — өлкөнүн биокоопсуздугун камсыздоо жана Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо болду. Бул алкакта министрлер кабинетине “Биологиялык коопсуздук жөнүндө” […]Читать далее
Жайкы туристтик сезондун алдында Чункурчак эс алуу аймагында күчөтүлгөн профилактикалык рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, анда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору түшүндүрүү иштерине басым жасашты. Өзгөчө көңүл ишкерлер менен иштешүүгө бурулуп, эс алуу жайларынын ээлерине санитардык нормаларды […]Читать далее
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Ысык-Көлдү жана ичүүчү сууларды тазалоо менен алектенбестен, мониторинг гана жүргүзүүдө деген пикирин Жогорку Кенештин депутаты Гуля Кожокулова Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди. Ал өз сөзүндө аталган министрлик “Жалын” балдар лагерин өз балансына алып алганын айтып, башкы прокурор Максат Асаналиевден бул боюнча мыйзам чегинде чара көрүүнү суранды. Мындан тышкары, […]Читать далее
Бүгүн Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл аймактык башкармалыгы рейд жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирет. Иш-чаранын алкагында Ысык-Көлдүн акваториясынан 200 метр балык уулоочу тор жана 60 кг таштанды чыгарылды. “Рейддик иш-чаралар мындан ары да күчөтүлгөн тартипте уланат”,-деп айтылат маалыматта.Читать далее