Үчүнчү эл аралык “Мейкин Азия” фестивалынын баш байгесин казакстандык ырчы айым Айна Калмаганбетова жеңип алды

 Үчүнчү эл аралык “Мейкин Азия” фестивалынын баш байгесин казакстандык ырчы айым Айна Калмаганбетова жеңип алды

Чолпон- Ата шаарында өтүп жаткан Үчүнчү эл аралык “Мейкин Азия” фестивалынын баш байгесин казакстандык ырчы айым Айна Калмаганбетова жеңип алды.

Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тапшырды.

Айна Калмаганбетова баш байге катары 5 миң АКШ доллар акчалай сыйлык, “Мейкин Азия” фестивалынын атайын статуэткасы жана диплом менен сыйланды.

“Мейкин Азия” фестивалынын жеңүүчүлөрү
Баш байге – Айна Калмаганбетова (Казакстан);
1- орун: Руслан Асанкан (Кыргызстан) жана Бегюм Текакпынар (Түндүк Кипр);
2-орун: Сарвиноз Камалова (Өзбекстан) жана Нада Талевска (Түндүк Македония);
3- орун: Адильхан Макин (Казакстан) жана Касиет Идирисова (Кыргызстан).
Ал эми, фестивалдын атайын сыйлыгын Түркиядан келген Жевхер Аксойго ыйгарылды.
Биринчи орунду багындарган жеңүүчүлөргө 3 миң АКШ доллары, атайын статуэтка, диплом, экинчи орунга 2 миң АКШ доллары, 3 – орундарга миң АКШ доллары жана дипломдор менен сыйланышты.

Связанный пост