Дагестандын эл акыны Расул Гамзатовдун 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш – чара өттү

24-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Дагестан Республикасынын эл акыны Расул Гамзатовдун 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш – чара өттү.
Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Дагестан Республикасынын Элдик жыйынынын Төрагасы Заур Аскендеров, Кыргызстан Калкы ассамблеясынын Төрагасы Алманбет Матубраимов, Россия Федерациясыны Кыргыз Республикасындагы Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко, Дагестан Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү, атайын чакырылган меймандар жана кеңири коомчулук катышты.
Алгач сөз Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулуна берилди.
Сөз алган Чыңгыз Эсенгул уулу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин атынан белгилүү акын, гуманист, авар элинин сыймыктанган уулу жана Дагестан Республикасынын эл акыны Расул Гамзатовдун 100 жылдыгына арналган салатанаттуу иш- чаранын катышуучуларына салам айтып, кыргыз-орус маданий диалогунун алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Дагестан Республикасынын элдик жыйынынын, Дагестан Республикасынын Өкмөтүнүн жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.
Ал өз сөзүндө Расул Гамзатовдун чыгармачылыгына токтолуп, андагы акылмандыкты, тынчтыкты жана тоолуктардын руханий мурасын жана ата-бабалардын улуу салттарын өзүнө сиңирип алгандыгын анын ырлары айгинелеп турганын айтып, Расул Гамзатовдун чыгармаларынын Кыргызстанда да өз окурмандары бар экенине белгилеп, чыгармачылык, адамгерчилик жана ал аралыктагы байланыштарды укмуштуудай сүрөттөп калың элге жеткирген акындын асыл сапаттарын баса белгиледи.
Ал эми, Дагестан Республикасынын Элдик жыйынынын Төрагасы Заур Аскендеров улуу акын Расул Гамзатовдун өлбөс- өчпөс чыгармаларын жана басып өткөн өмүр жолун даңазалоо иштери активдүү уланып жатканын айтып, Кыргызстанда өтүп жаткан бүгүнкү иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгилеп, бардык уюштуруучуларга жана колдоого алган бардык тараптарга ыраазычылык билдирди.
Андан соң, Дагестандын өзгөчө маданиятынын үлгүлөрү камтылган концерттик программа менен Расул Гамзатовдун чыгармалары көркөм окулду.
Мааракелик иш-чарада акындын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу архивдик документтердин жана Дагестандын кол өнөрчүлүк көргөзмөсү менен коштолду.
Ал эми, концерттик программага “Лезгинка” бий ансамбли, “Дагестан” вокалдык тобунун, ошондой эле Дагестан опера жана балет театрынын солисттери катышты.

Связанный пост