Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына карата өткөрүлгөн эл аралык айтыштын жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылды

 Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына карата өткөрүлгөн эл аралык айтыштын жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылды
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата алгачкы агартуучу, жазгыч акын, ойчул жана тарыхчы Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган XVI Эл аралык айтыштын жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылды.
Ак таңдай, кара жаак акындардын айтышы эки күн кечке Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өтүп, айтышка 8 кыргыз, 8 казак акыны катышты. Бул жолу казак акындарынын экөө Монголиядан, бирөө Өзбекстандан келди.
Айтыш курч мүнөздө, абдан кызыктуу өттү. Эки күн бою театрга эл жык толуп, эл менен бирге Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын мамлекттик катчысы Сүйүнбек Касманбетов, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, академик Абдылдажан Акматалиев, тарыхчы Кыяз Молдокасымов, Кыргыз Республикасынын эл акыны Рахматулла Козукеев ж.б. көрүнүктүү инсандар катышышты.
Калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:
Баш байге 450 миң сом- Азамат Болгонбаев (Кыргызстан),
Баш байге 450 миң сом – Муктар Ниязов (Казакстан).
Биринчи орун 300 миң сом – Изат Айдаркулова,
Биринчи орун 300 миң сом- Казырет Бердихан (Казакстан).
Экинчи орун 200 миң сом- Асылбек Маратов,
Экинчи орун 200 миң сом -Данияр Алдаберген( Казакстан)
Үчүнчү орун 100 миң сом -Чынгызхан Кожошев,
Үчүнчү орун 100 миң сом – Талгат Орынбеков (Өзбекстан).
Атайын кызыктыруучу сыйлык жана 70 миң сом акчалай сыйлык:
Тилек Базар уулу ( Монголия);
Аманжол Куанткан (Монголия);
Нурмат Мансуров (Казакстан);
Айчолпан Түлөхан ( Казакстан);
Баян Акматов;
Акмат Султан уулу;
Кубат Тукешов ;
Кутман Садыбакасовго тапшырылды.

Связанный пост