Кыргызстан менен Кытайдын маданият министрлеринин жолугушуусу болуп өттү

Алтынбек Максутов Кытай Эл Республикасынын Маданият жана туризм министри Ху Хэпин менен жолугушту

 

Бүгүн, 27- октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов менен Кытай Эл Республикасынын Маданият жана туризм министри Ху Хэпиндин жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өз ара умтулууларын белгилешти.

Тактап айтканда, Алтынбек Максутов Кытайга белгилүү болгон артисттерди тартуу менен массалык иш-чараларды уюштуруу боюнча режиссура тармагында тажрыйба алмашууну сунуштады.

Министр Ху Хэпин ири иш-чараларды уюштурууда кыргызстандык режиссерлор менен бирге иштешүүгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде кытай тарап эки өлкөнүн чыгармачыл топторунун гастролдорун баштоону сунуштап, Кытайдын мамлекеттик театрларынын артисттери тарабынан коюлган «Манас» операсынын коюлушун эске салды. Кытай министри ошондой эле кытай тарап Кыргыз Республикасы менен маданий кызматташууга өзгөчө маани берет деп ишендирди.

Алтынбек Максутов министрликтин ачыктыгын жана эки тараптуу достуктун гүлдөшү үчүн активдүү өз ара аракеттенүүгө умтула турганын баса белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы өз ара ишеним, салттуу достук жана жакын коңшулук мамилелер стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Жолугушуунун алкагында министр Ху Хэпин мырза кыргыздын улуттук бай маданияты жана мурастары менен таанышып, баарлашуу эркин форматта уланды.

Связанный пост