Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата алгачкы агартуучу, жазгыч акын, ойчул жана тарыхчы Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган XVI Эл аралык айтыштын жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылды. Ак таңдай, кара жаак акындардын айтышы эки күн кечке Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өтүп, айтышка 8 кыргыз, 8 казак акыны катышты. Бул жолу казак […]Читать далее
Чолпон- Ата шаарында өтүп жаткан Үчүнчү эл аралык “Мейкин Азия” фестивалынын баш байгесин казакстандык ырчы айым Айна Калмаганбетова жеңип алды. Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тапшырды. Айна Калмаганбетова баш байге катары 5 миң АКШ доллар акчалай сыйлык, “Мейкин Азия” фестивалынын атайын статуэткасы жана диплом менен сыйланды. “Мейкин Азия” фестивалынын жеңүүчүлөрү […]Читать далее
Бүгүн, 19-августта Чолпон-Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын “Мейкин Азия” III эл аралык фестивалынын экинчи күнү өттү. Катышуучулар өз тандоосу боюнча дүйнөлүк хит ырларды тартуулады. Ондон ашык мамлекеттин жаш аткаруучуларынын талантын жана мыктылыгын аныктоо үчүн эл аралык калыстар тобу түзүлүп, ага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Актан Исабаев төрагалык кылууда. Курамында Түркия, Түндүк Македония, […]Читать далее
Бүгүн, 18-августта Чолпон – Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын “Мейкин Азия” III эл аралык Ысык-Көл фестивалы расмий ачылды. Салтанаттуу иш-чаранын ачылышына Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык- Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Ильязбек Иманбетов, “Түрксой” эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев катышты. Үчүнчү […]Читать далее
Бүгүн, Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрынын алдында алгачкы ирет “Бий искусствосу-2023” эл аралык бий фестивалы башталды. Фестивалдын ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов катышып, жалпы бий өнөр ээлерин салтанаттуу куттукташты. Иш-чаранын алкагында бийчилердин жөө жүрүшү болуп, республиканын бардык аймактарынан жана чет өлкөдөн келген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата, алгачкы агартуучу, ойчул, жазгыч акын Молдо Нияз Эрназар уулуну 200 жылдыгына арналган салтка айланган “XVI Эл аралык кыргыз-казак” кош байге айтышында кызыл тилин таңдайга бүлөп, сөз өнөрүнүн кызыгына батып айтышчу 8 акын тандалып алынды. Алар : 1-Азамат Болгонбаев 70 упай 2- Кубат Тукешов 70 упай 3- Кутман Садыбакасов 70 упай […]Читать далее
Бүгүн, 25- июлда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан “Ала-Тоо симфониясы” биринчи жайкы чыгармачыл мектеби долбоорунун алкагында Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын чыгармачыл курамынын аткаруусунда П. Чайковскийдин “Ак- куу көлү” балети көрүүчүлөргө тартууланды. Маданий иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары […]Читать далее
2023- жылдын 18-20-август күндөрү Чолпон – Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын “Мейкин Азия” III эл аралык Ысык-Көл фестивалы өтөт. Фестиваль Кыргызстанды дүйнөлүк маданий жана туристтик мейкиндикке интеграциялоого багыт алып, келечекте популярдуу музыка аткаруучулардын башын бириктирген ири аянтчага айланат. Азия жана Европа өлкөлөрүнүн мыкты аткаруучулары, ошондой эле Казакстан, Түркия, Россия, Түштүк Корея, Кытайдан мейман катары келген […]Читать далее
18- июлда Бишкек шаарындагы “Манас” кино театрында “Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” аттуу XI эл аралык фестивалдын расмий ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Азербайжан, Белоруссия, Грузия, Армения, Казакстан, Россия, Өзбекстандан келген кинорежиссёрлор жана Кыргызстандык кинорежиссёрлор катышышты. Фестивалга келген кадырлуу коноктор кызыл […]Читать далее
Тоң районунун Кызыл-Туу айылында “Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы” кароо-сынак фестивалы өттү. Салтанаттуу иш- чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Байышбек Астанакулов, бир катар коомдук жана маданият ишмерлери, жергиликтүү тургундар катышты. Иш- чаранын ачылышы манасчылардын манас айтуусу менен башталып, андан […]Читать далее