Популярдуу музыка аткаруучулардын “Мейкин Азия” III эл аралык Ысык-Көл фестивалы расмий ачылды

Бүгүн, 18-августта Чолпон – Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын “Мейкин Азия” III эл аралык Ысык-Көл фестивалы расмий ачылды.

 

Салтанаттуу иш-чаранын ачылышына Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык- Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Ильязбек Иманбетов, “Түрксой” эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев катышты.

 

Үчүнчү жолу өтүп жаткан фестивалды расмий министр Алтынбек Максутов ачты. Ал өз сөзүндө “Мейкин Азия” фестивалынын маанилүүлүгүнө токтолуп, Маданият министрлиги чыгармачылыктын бардык түрүнө, анын ичинен популярдуу музыка аткаруучуларга маани берип жатканын айтты.

 

Ошондой эле, Алтынбек Максутов фестивалдын уникалдуулугу, калк арасында достукту чыңдоо максаттарынан улам жогорку кадыр-баркка ээ болгонун белгилеп, көптөгөн жаш таланттарга өзүнүн чоң чыгармачылык жолун, дүйнөлүк атак-даңкка жетүү жолун баштоого мүмкүнчүлүк бергендигине токтолду. Анын жаркын мисалы катары, 2013-жылы биринчи фестивалда казак ырчысы Димаш Кудайберген баш байгени утуп, фестиваль ага алгачкы популярдуулукту алып келгенин баса белгиледи.

 

Сөзүнүн соңунда Алтынбек Максутов бардык катышуучуларга ийгилик каалып, күчтүү аткаруучу жеңип чыксын деген тилегин билдирди.

 

Ал эми, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык- Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Ильязбек Иманбетов көгүлтүр көл жээгинде өтүп жаткан ири долбоордун Кыргызстан үчүн, анын ичинде салт катары көл жээгинде өтүшү эс алуучулар жана тургундар үчүн ири маданий аянтчага айланып жатканын баса белгилеп, аны колдоого алууга даяр экенин маалымдады.

 

Андан соң, сөз аталган эл аралык долбоордун негиздөөчүсү, Түрксой эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раевге берилди.

 

Ал өз сөзүндө, “Мейкин Азия” фестивалынын актуалдуулугуна токтолуп, аны негиздөө учурундагы жетишилген ийгиликтер менен бөлүшүп, бардык катышуучуларга ийгилик каалоо менен бирге, алдыда фестивалдын арышы кенен болуусун, “Түрксой” эл аралык уюму чыгармачылыктын бардык түрүн даңазалоого жана колдоого даяр экенин билдирди.

 

Андан соң, дүйнөгө белгилүү ырчы Димаш Кудайбергендин видео кайрылуусу келген меймандарга жана катышуучуларга сунушталды.

 

Расмий бөлүктөн соң, фестивалдын сынактык бөлүгү башталып, ар бир катышуучу өз эне тилинде конкурстук ырын жандуу аткарды.

 

Фестиваль эртең, 19-август күнү да уланат. Анда катышуучулар өз тандоосу боюнча дүйнөлүк хит ырларды аткарышмакчы.

Фестивалдын жүрүшү УТРК аркылуу түз эфирде чагылдырылат.

Эске салсак, фестиваль Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана “ТҮРКСОЙ”Эл аралык уюмунун колдоосу менен өтүүдө.

Связанный пост