Чолпон- Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын “Мейкин Азия” III эл аралык Ысык-Көл фестивалы өтөт

 Чолпон- Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын “Мейкин Азия” III эл аралык Ысык-Көл фестивалы өтөт
2023- жылдын 18-20-август күндөрү Чолпон – Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын “Мейкин Азия” III эл аралык Ысык-Көл фестивалы өтөт.
Фестиваль Кыргызстанды дүйнөлүк маданий жана туристтик мейкиндикке интеграциялоого багыт алып, келечекте популярдуу музыка аткаруучулардын башын бириктирген ири аянтчага айланат.
Азия жана Европа өлкөлөрүнүн мыкты аткаруучулары, ошондой эле Казакстан, Түркия, Россия, Түштүк Корея, Кытайдан мейман катары келген эстрада жылдыздары көгүлтүр көл жээгинде улуттук жана дүйнөлүк хит ырларды тартуулайт.
Эл аралык Ысык-Көл фестивалынын максаты маданияттардын диалогу аркылуу маданий мурастарды өнүктүрүү жана сактоо, таланттуу жаш аткаруучуларды табуу жана колдоо, Кыргызстандын туристтик потенциалын өнүктүрүү болуп саналат.
Фестивалга 18 жаштан 35 жашка чейинки жаш аткаруучулар катыша алат.
Кыргызстындын атынан фестивалга катышуу үчүн, улуттук тандоо тур 2023- жылдын 24-июль күнү Т. Сатылганов атындагы филармониясында өтүп, тандоо турунан өткөн 3 катышуучу фестивалга жолдомо алат.
Талаптар:
Тандоо турунда жана конкурстун өзүндө фонограмманы (+) колдонууга жол берилбейт.MD же башка алып жүрүүчүлөрдө “-1” фонограммасын колдонууга жол берилет.
Көмөкчү үндү (бэк-вокалды) жазуу негизги үндү (обондуу линияны) кайталабаган учурда жол берилет.
Ар бир чыгарманын хронометражы 4 мүнөттөн ашпоого тийиш.
Бардык катышуучулар эки чыгарма аткара алат.
– өлкөнүн хит ыры (эне тилинде);
– тандоо (Дүйнөлүк хит).
Катышуучуларын баалоо үчүн сынакка катышкан өлкөлөрдүн маданият ишмерлеринен турган эл аралык калыстар тобу түзүлөт.
Баалоо критерийлери:
– чыгарманын көркөм деңгээли;
– аткаруучулук чеберчилик;
– артистизм;
– аранжировка;
– сахна чеберчилиги.
Сынактын жүрүшүндө эл аралык сынактардын критерийлерине толук жооп берген он баллдык система боюнча ачык добуш берүү жүргүзүлөт.
Сынактын лауреаттары үчүн төмөнкү сыйлыктар белгиленген:
Гран-при
1 – орун;
2-орун;
3-орун-эки катышуучуга ыйгарылат. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлык жана белектер менен сыйланат. Мындан тышкары, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын жана демөөрчүлөрдүн атайын байгелери уюштурулушу мүмкүн.
Үчүнчү ирет өтүп жаткан популярдуу музыка аткаруучулардын “Мейкин Азия” III эл аралык Ысык-Көл фестивалы биринчи жолу 2013 -жылы 18-20- июль күндөрү өтүп, баш байгени казакстандык Димаш Кудайберген жеңип, фестиваль ага алгачкы популярдуулукту алып келген.
Бул жолку фестиваль Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп, ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Улуттук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан колдоого алынууда.
Фестивалдын программасынын долбоору
18- август саат 20:30 – “Мейкин Азия” фестивалынын расмий ачылыш салтанаты жана сынактын биринчи күнү орун алат. Анда катышуучулар эне тилиндеги ырларды улуттук салттуу кийимдер менен аткарышат;
19- август саат 20:30 – Фестивалдык сынактын экинчи күнү өтүп, дүйнөлүк хит ырлар жаңырат;
20-август күнү саат 20:30 – “Мейкин Азия” фестивалынын гала -концерти жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи.

Связанный пост