“Рух-Ордо” маданий борборунда П. Чайковскийдин “Ак- куу көлү” балети көрүүчүлөргө тартууланды

Бүгүн, 25- июлда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан “Ала-Тоо симфониясы” биринчи жайкы чыгармачыл мектеби долбоорунун алкагында Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын чыгармачыл курамынын аткаруусунда П. Чайковскийдин “Ак- куу көлү” балети көрүүчүлөргө тартууланды.
Маданий иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргызстандын Биринчи айымы Айгүл Жапарова, Гнесин атындагы Россия музыка академиясынын ректору Александр Рыжинский жана аталган окуу жайдын профессор-окутуучулары, Жогорку Кеңештин депутаты, бир катар көрүнүктүү маданият ишмерлери, эс алуучулар жана Чолпон-Ата шаарынын тургундары катышты.
Аталган жайкы мектеп көл жээгинде 29-июлга чейин уланат.

Связанный пост