Тоң районунун Кызыл-Туу айылында “Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы” кароо-сынак фестивалы өттү

Тоң районунун Кызыл-Туу айылында “Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы” кароо-сынак фестивалы өттү.
Салтанаттуу иш- чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Байышбек Астанакулов, бир катар коомдук жана маданият ишмерлери, жергиликтүү тургундар катышты.
Иш- чаранын ачылышы манасчылардын манас айтуусу менен башталып, андан соң расмий бөлүк орун алды.
Иш- чарага катышкан министрдин орун басары Айнура Аскарова салттуу улуттук маданиятты даңазалган иш- чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, кыргыз элинин көөнөргүс бай маданиятын сактоого өз салымдарын кошуп, эзелки кол өнөрчүлүктүн өзөктүү билимдерин, өнөр ыкмаларын, боз үй жасоодогу салттуу билимдерди үзбөй жаш муундарга үйрөтүп келе жаткан салымдары үчүн, Кызыл-Туу айылынын тургундары боз үй жасаган жыгач усталар, Саалы Калыков, Бектемир Асангулов, Бектурсун Сыдыков сындуу усталарга “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин тапшырды.
Андан соң, иш- чаранын маданий бөлүгү расмий коноктор, кол өнөрчүлөр жана боз үйчүлөрдүн катышуусунда түндүк көтөрүү жөрөлгөсү менен уланды.
Фестивалдын алкагында концерттик программа, салттуу кийим көргөзмөсү, салбуурун, ат оюндары, кол өнөрчүлүктүн түрлөрү боюнча мастер класстар өтүп, Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин көргөзмө-жарманкеси менен коштолду.
Аталган фестиваль Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Тоң райондук Мамлекеттик администрациясы, Кыргызстан кол өнөрчүлүк кеңеши, Кызыл-Туу боз үйчүлөр айылы менен биргеликте уюштурулду.

Связанный пост