Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалы өтүүдө

18- июлда Бишкек шаарындагы “Манас” кино театрында “Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” аттуу XI эл аралык фестивалдын расмий ачылышы болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Азербайжан, Белоруссия, Грузия, Армения, Казакстан, Россия, Өзбекстандан келген кинорежиссёрлор жана Кыргызстандык кинорежиссёрлор катышышты. Фестивалга келген кадырлуу коноктор кызыл килемден өтүштү.
Иш-чарага катышкан министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев фестивалдын маанисине кеңири токтолуп, өзгөчө өсүп келе жаткан жаш режиссёрлор үчүн аталган фестиваль зор мааниге ээ экенин баса белгиледи.
Ошондой эле өлкөлөр аралык маданий алака, анын ичинде кино тармагындагы кызматташтык мындан ары да өнүгө беришин каалап, фестивалга катышкан режиссёрлорго чыгармачылык эргүү жана ийгиликтерди каалады.
Фестивалдын ачылышы Изя Герштейндин 1966-жылы тартылган «Мыс гнедого скакуна» тасмасы менен ачылды.
Белгилей кетсек, аталган кинофестиваль 2011-жылы негизделген. Быйыл 11 – ирет өтүп, ал заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 95 жылдыгына арналды.
Фестивалдын максаты – КМШ өлкөлөрүнүн мыкты тасмаларын көрсөтүү менен бирдиктүү кино аянтчасын түзүү, жаш кинематографисттер өздөрүнүн талантын көрсөтүүгө, тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү болуп саналат.
Эл аралык жана Улуттук тасмаларды 19-21-июль күндөрү “Манас” кинотеатрынан көрө аласыздар.

Связанный пост